• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте II Эл аралык "Заманбап светтик мамлекеттеги ислам" конференциясы башталды

Коом 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында II Эл аралык "Заманбап светтик мамлекеттеги ислам" конференциясы башталды.

Бишкектеги аянтча дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн эксперттерди чогултту. Алар пленардык жана секциялык отурумдардын жүрүшүндө төмөнкү темаларды талкуулашат:

- Диний жана дин таануу билиминин үлгүлөрү жана практикасы;

- Дин маселелеринин ЖМКларда жана интернетте чагылдырылышы;

- Диндар аялдардын заманбап коомдогу орду жана ролу;

- Жаштардын заманбап мультимаданий коомдогу ролу жана орду;

Андан сырткары диний маселелер боюнча актуалдуу темаларга докладдар окулат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Конференцияны КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий