• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда эки өзбекстандык жаран газга ууланып мерт болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Шымкент шаарында газга ууланып эки өзбекстандык жаран мерт болду, дагы бири ооруканага жаткырылды.

Жергиликтүү «КазТрансГаз Аймак» компаниясынын маалымат катчысы Саида Турсуметованын билдиришинче, окуя 13-ноябрда өзбекстандыктар жашаган батирде катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча батирде вентиляциялык канал болгон эмес, өзбекстандык жарандар электр жылыткычы менен кошо газ плитасын да колдонушкан. Кырсык коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан келип чыкканы айтылууда.

Газга ууланып мерт болгондор – 35 жана 42 жаштагы өзбекстандык жарандар.

Шымкенттик дарыгер Мадина Ермаханбетова ооруканага жеткирилген 35 жаштагы кишинин абалы өтө оор экенин, жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди.

Кырсыкка кабылган үч өзбекстандык Шымкентке иштөө үчүн келген.

Пикир

Оставить комментарий