• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

28-апрелге карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн өлкө аймактарында 2020-жылдын 28-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат беришти.

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары ‭ 627,73‬‬‬ тонна ун, 101,1 ‭тонна макарон, 84 005 литр өсүмдүк майы, 110,3 тонна күрүч, 106,2 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: ‭8 346,61‬ кг чай, ‭51 616‬ кг бурчак (горох), 5436 кг гречка, 10468 кг китлап, 448 кг эт, ‭11 807‬ банка сгущенка, 8126 кг картошка, 372 даана бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пиаз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет берилди.‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 4 296 326,53 сом түздү. Жалпысынан ‭‭66 799 үй-бүлөгө жардам берилди.‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 55 аралыкта текшерген термометр, ‭76 535‬ бет кап, ‭36 858‬ кол кап, 1250 литр антисептик, ‭934‬ даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), ‭3 376‬ даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет), ‭7 555‬ даана буткап (бахилы), 9500 даана шпатель.‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬

Ош шаары:

аар боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 313 тонна ун, 25300кг макарон, 30100 л өсүмдүк майы, 17100 кг күрүч, 16300 кг кумшекер, 800 кг эт, 45200 кг картошка берилди. Жалпысынан 35749 үй-бүлөгө жардам берилди. Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 21 997,9 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 4,7 тонна хлор, 133 514 даана беткап, 2 615 л антисептик, 9 003 даана коргоо костюмдары, 32 430 даана кол каптар берилди.

Ош облусу:

зыркы мезгилде аз камсыздыгы боюнча жөлөк пул алгандардын саны облус боюнча 28 127 үй-бүлө бар. Аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтүлүүдө. Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 2 928 тонна 580 кг ун, анын ичинде КРнын мамлекетттик резервдер фондунан 1325,05 тонна ун , 38т.620 кг. макарон, 309т. 436 л. өсүмдүк майы, 45 т 197 к.г күрүч, 20т. 226 кг. кумшекер, 7т. 980 кг. эт, 23 т 500 кг картошка берилди.

Жалпысынан 84 647 үй-бүлөгө жардам берилди. Анын ичинен жеке тараптардан 58 259 үй бүлөгө, материалдык резерв фондунан 26 388 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 596 326 сомду түздү.

Республикалык бюджеттен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районуна 8 млн. 492 миң сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө карата 10 615 азык-түлүк баштыгы жасалып, таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 т 360 кг. хлор, 235 898 даана беткап, 3 245 л антисептик, 4586 даана коргоо костюм 380 080 даана кол каптар, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди.

Ноокат жана Алай райондорунун ооруканаларына бирден медициналык тез жардам автоунаалары берилди. Кара-Суу районуна бир ИВЛ аппараты, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына да бир ИВЛ аппараты берилди.

Чүй облусу:

Чүй облусу боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 268,924 тонна ун, 40908,6 кг макарон, 25442 литр өсүмдүк майы, 27825,8 кг күрүч, 30747 кг кумшекер, 105 кг эт, 987 кг.картошка, пияз, сабиз таркатылды. Жалпысынан беш күндүн ичинде 12718 үй-бүлөгө ар түрдү жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 780 кг хлор, 9619 даана маска жана распираторлор, 351 даана коргоо костюмдары, 1261 даана кол кап, 20 даана атайын көз айнек, 641л. антисептиктер, 1 даана тепловизор/термометр таркатылды.

Жалал-Абад облусу:

Облус боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 2840,07 тонна ун, 30706 кг макарон, 66932 л өсүмдүк майы, 19252 кг күрүч, 12873 кг кумшекер, 2453,4 кг эт, 48861 кг картошка берилди.

Жалпысынан 74682 үй-бүлөгө жардам берилди.Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 15013728 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 31 тонна 369 кг хлор, 339487 даана беткап, 9002 л антисептик, 5199 даана коргоо костюмдары, 52142 даана кол каптар,1030 даана термометр берилди.

Мындан сырткары,Ноокен районундагы “Кыргызнефтегаз” ААК тарабынан 150 миӊ сом медицина кызматкерлерине, Кара-Көл шаарында “Кара-Көл шамы” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан 286 медицина кызматкерине азык-түлүктүн түрлөрү, КТГЭС ишканасы 50 адамдын ар бирине 1 каптан ун,5 литрден май,5 кг.кум шекер, Таш-Көмүр шаарындагы ишкерлерден муктаж үй-бүлөлөргө 25 тонна ун берилди.

Ошондой эле, Жалал-Абад шаары жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларга жалпы 20400 бет кап, 1950 кол кап, 250 коргоо костюмдары, 1615 даана антисептик, 40 даана дезинфекциялык жабдыктары 869400 сомго алынса, 1880000 сомго 10 тонна 500 кг хлор алынып, Жалал-Абад шаарында дезинфекция иштери жүргүзүлдү.

Баткен облусу:

Облус боюнча муктаж үй бүлөлөргө жардам катары 1259,5 тонна ун, 29899 кг макарон, 39426 л өсүмдүк майы, 12323 кг күрүч, 9016 кг кумшекер, 1493 кг эт, 2855 кг картошка берилди.

Жалпысынан 20234 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 5 млн 534 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 93297 даана беткап, 1847,5 л антисептик, 1855 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди. Баткен шаарында Ас-Сафа Коомдук Фонду тарабынан жүз аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 кап ун, 500 литр өсүмдүк май, 500 кг кум шекер берилди.

Жеке ишкерлер тарабынан 400 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 каптан ун жана 5 кг макорон берилди. Мындан тышкары, демөөрчүлөр тарабынан 500 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 25 кг ун, 5 литрден өсүмдүк май, 5 кг гүрүч, 5 кг макорон, 2 кг аккант, 1 пачкадан чай берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облус боюнча муктаж үй бүлөлөргө жардам катары 600 тонна 20 кг ун, 50,7 кг макарон, 38 миң 345 л өсүмдүк майы, 19 тонна 641 кг күрүч, 24 тонна 760 кг кумшекер, 1 тонна 692,5 кг эт, 11 тонна 939 кг картошка берилди.

Жалпысынан 28518 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 794 миң 760 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 тонна 466кг хлор 118 миң 239 даана беткап, 6692 л антисептик, 4149 даана коргоо костюмдары, 183867 даана кол каптар берилди.

Нарын облусу:

Аймактагы аз камсыз болгон 16 701 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү. Анын ичинен 5961 үй-бүлөгө материалдык резервден, 1661 үй-бүлөгө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан, 193 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен, 8886 үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан ар кандай колдоолор көрсөтүлдү.

Берилген жардамдар боюнча алсак, облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 636 тонна ун, 19 тонна 202 кг макарон, 27 401 литр өсүмдүк майы, 11 тонна 508 кг күрүч, 16 тонна кумшекер, 1578 кг эт, 1088 кг чай, 250 500 сом акчалай жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 909 литр, 386 таб, 40 кг хлор, 97 548 даана беткап, 1 471,5 литр антисептик, 2130 даана кол каптар берилди.

Талас облусу:

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 534,15 тонна ун, 5229 кг макарон, 4768 л өсүмдүк майы, 5564 кг күрүч, 1586 кг кумшекер, 998 кг эт, 100 даана чай берилди.

Жалпысынан 9864 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн 340 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7,8 тонна хлор 83800 даана беткап, 1643 л антисептик, 820 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол каптар берилди.

Пикир

Оставить комментарий