• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

29-31-август жана 1-2-сентябрга карата күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. 29-августта күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 30-августта жана 31-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

31-августта күндүз жана 1-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

2-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий