• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

3 күн мурун жоголгон. Милиция 5 жашар Нурисламды издеп жатат

Коом 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Аламедин райондук ички иштер органы дайынсыз жоголгон Мусаев Нурислам Нурбековичти издеп жатат.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы боюнча, жакындары 13-июлда Кырман конушундагы Кулбараков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн ойноо үчүн чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан 2016-жылы туулган Нурислам Мусаевдин издешүүдө.

Белгилери: бою болжол менен 120 см, арык, көзү күрөң, чачы кыска күрөң, кулагы чыгып турат.

Кийими: ак сызыктары бар кызыл футболка, боз шахмат чолок шым, башында боз түстөгү кепка кийип жүргөн.

«Нурислам Мусаевди көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлер чалып билдирип коюңүздарды суранабыз: 0(312) 36-35-27, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63 или в 102»,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий