• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

32 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери электрондук документ жүгүртүүнү пайдаланат

Коом 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын август айына карата «InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү системасы 821 мамлекеттик органда, анын ичинде алардын ведомстволук бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, анын ичинде 228 айыл өкмөтүндө колдонууга киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдарда «InfoDocs» системасы киргизилгенден тартып бардыгы болуп 1 712 000 документ катталган. Бүгүнкү күндө системанын пайдалануучулары мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 32 миң кызматкери.

Маалымат үчүн: 2018-жылдан тартып электрондук документ алмашуу системасы КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан этап-этабы менен ишке ашыруулууда.

«InfoDocs» системасы мамлекеттик органдардагы жана алардын аймактык бөлүмдөрүндөгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келип түшкөн жана мамлекеттик органда түзүлгөн документтерди иштеп чыгууну автоматташтырууга жана архивдештирүүнү жүргүзүүгө арналган система.

Пикир

Оставить комментарий