• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

4-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.05.18. /Кабар/. Эртең, 4-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;

Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26;

Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20;

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 23...25 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий