• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй райондук милициясы балдарга арналга балаты майрамында коопсуздукту камсыздады

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-декабрында Чүй районунун аймагында жашы жете электердин катышуусу менен жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулган. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жашы жете электерди кубанычка бөлөп, жагымдуу маанай тартуулаган бул иш-чара райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулса, ал эми коомдук коопсуздуктун камсыздалуусу Чүй райондук милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду.

"Жаңы жылдык балаты майрамы "Гавайи" эс алуу жайында уюштурулган. Ага Чүй районунан жалпысынан 61 жашы жете элек катышты. Алардын коопсуздугун камсыздоо максатында Чүй РИИБдин начальнигинин орун басары А. Назаралиевдин жетекчилиги алдында милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий