• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

400 АКШ доллары: КУУнун кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы Рита Салморбекова пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына Г.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыздануучу кафедра башчысы дипломдук ишин жактоодо жакшы баа берүү үчүн андан 400 доллар сурап жатканын айткан.

Аталган факт боюнча 225-беренеде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

14-июлда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бүтүрүүчүдөн алып жаткан жеринен Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы Рита Салморбекова кармалган.

Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий