• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы жарандарды 1-сентябрга чейин транспорт, турак жай жана жер салыгын төлөөгө чакырды

Экономика 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калгандыгын эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, 2018-жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө керек.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Кеңири маалыматты 194 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий