• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

5-апрелге карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 5-апрелге карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +18...+23, Талас, Нарын облустарында +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, ал эми Ысык-Көл аймагында +12...+17 градус болору айтылды.

Ал эми Бишкек шаарында +19...+21 жана Ошто +18...+20 градусжылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий