• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

500гө жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер электрондук документ жүгүртүү боюнча тренинге катышууда

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Өлкөнүн бардык аймактардын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары 2022-жылдын 25-27-апрелинде «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөнүн натыйжалуу ыкмаларына үйрөнүү боюнча маалыматтык-окуу тренингине катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окутуу КР президентинин мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук документ жүгүртүүнү ишке киргизүү процессин тездетүү боюнча тапшырмасын аткаруу иретинде өткөрүлүүдө.

Жалпысынан окууга 492 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер катышат. Окутуу облустардагы жогорку окуу жайлардын жана Ж.Абдрахманов атындагы КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында бардык аймактарда бир эле учурда жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, окуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин «Infodocs» автоматтык маалымат тутумундагы электрондук документ жүгүртүүгө өткөрүүгө багытталган.

Тренер катары «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери, шаардык калкты тейлөө борборлорунун жетекчилери жана кызматкерлери тартылган. Окутуунун алкагында муниципалдык кызматкерлерге «Е-Кызмат» жана «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системаларын ишке киргизүү боюнча маалымат берилет. Окутуу жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук документ жүгүртүүнүн автоматтык маалымат системасында иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү алышат.

Пикир

Оставить комментарий