• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айбек Артыкбаев Европа инвестициялык банкынын делегациясы менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Кечээ, 25-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин Борбордук Азия мамлекеттерине насыя берүү маселелери боюнча башкы кеңешчиси А.Брун жетектеген Европа инвестициялык банкынын делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа инвестициялык банкынын колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылган жана илгерилетилген долбоорлорго тийиштүү маселелерди, ошондой эле делегациянын Кыргызстандын профилдик ведомстволору менен боло турган жолугушууларын талкуулашты.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев кыргыз тарап өз ара кызыгууну жараткан чөйрөлөрдө ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Атап айтканда, «жашыл экономика», энергиянын кайра жаралуучу булактары жана санариптештирүү, ошондой эле өлкөнүн туристтик жана экспорттук дараметин көтөрүү жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий