• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Эртең, 7-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 35…40, Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31, Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40 градус ысык болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн 22…24 градус, күндүз 37…39 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий