• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. 7нен 10-июлга кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт, - деп билирет Кыргызгидромет борбору.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26°, бийик тоолордо 15…20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 34...39,

Талас облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 33...38,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 34...38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 28...33.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 36…38 градуска чейин ысыйт.

Пикир

Оставить комментарий