• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7-июнга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Эртең, 7-июнда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынынын айрым райондорунда жана Ысык-Көлдүн чыгышында жаан катуу жаашы ыктымал. Тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28, Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26 градус.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23, Нарын аймагында түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30 градуска чейин жылуу болот.

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Күндүз жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 26…28 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий