• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7 жылдык тыныгуудан кийин Дубайдан Ошко туруктуу аба каттамы ачылат

Коом 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Дубай—Ош—Дубай багыты боюнча туруктуу авиакаттамдардын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Fly Dubai авиакомпаниясы Дубай эмиратынан Ош шаарына учууларды жумасына эки жолу аткарууну пландап жатат – шейшемби жана жума күндөрү.

Эске салсак, белгиленген багыт боюнча туруктуу каттамдар 7 жылдык тыныгуудан кийин жанданганы турат.

Пикир

Оставить комментарий