• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

9 айда Кыргызстанда 117,4 млн сом жайыт жыйымдары чогултулду

Коом 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын 9 айында Кыргызстанда 117 млн 464 миң 523 сом жайыт жыйымдары чогултулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директорунун орун басары Максатбек Мамытбеков билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн жылдын 9 айына карата 33 млн 467 миң 924 сомго көп, же план 140%га ашыгы менен аткарылды.

“Кыргызстанда жайыт жерлери 9 млн гектардан ашык жерди ээлейт, анын ичинен 1,6 млн гектардан ашыгын отоо чөп баскан. Ал эми республика боюнча жайытка чыккан малдын жалпы саны 5 млн 477 миң 78 башты түзөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий