• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А. Атамбаев Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Джордж Сорос менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 18-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 17-февралда Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына жумушчу сапарынын алкагында Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Джордж Сорос менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандагы “Сорос” фондусунун ишине байланыштуу маселелер, анын ичинде маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү реформаларды колдоого багытталган программаларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий