• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абдыгулов: Контрафактка каршы күрөшүү укук ээлеринин өздөрү катышмайынча натыйжалуу болбойт

Өкмөт 0

Бишкек, 14.09.17 /Кабар/. Контрафактка каршы күрөшүү укук ээлеринин өздөрү катышмайынча натыйжалуу болбойт, ошондуктан мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 14-сентябрда интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, анын ичинде өнөр жай азыктарын, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы көйгөйлөрүнө арналган «Антиконтрафакт-2017» V Эл аралык форумда билдирди.

Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов белгилегендей, «Антиконтрафакт» форуму ЕАЭБ алкагында борбордук сүйлөшүү аянты болуп калды. Ал жерде министрликтер менен ведомстволордун, ири компаниялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү илимий коомчулуктун жана башка ушул тармактардан келген өкүлдөр интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, анын ичинде өнөр жай азыктарын, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы көйгөйлөрдү талкуулашат.

«Форумдун алкагында бажы жана техникалык жөнгө салуу сертификация маселелери, кадрдык потенциалды түптөө, ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, анын ичинде өнөр жай азыктарын, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы көйгөйлөрү тууралуу мыйзамдуулукту горманизациялоо маселелери каралат», — деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жасалма продукцияларды ЕАЭБ аймагындагы мамлекеттерге таратуу маанилүү масштаб болуп саналарын билдирди.

«Жыл сайын биздин өлкөдө 10 млн салыктык төлөмдөр алынбай калат, бул өлкө үчүн сезилээрлик каражат. Өзгөчө азык-түлүктөрдү жана дары-дармектерди жасалма чыгаруу көйгөйү баарыбызды тынчсыздандырат, анткени алар адамзаттын ден-соолугуна кооптуу болуп эсептелет. Аны менен бирге мамлекет адамдар бул багытта өз укуктарын коргой ала турган институттарды түзүшү керек. Мындан сыртканы ар кайсы мамлекеттердин укук коргоо органдары жана бажы тармагы менен биргеликте маалымат алмашып туруу кажет», – деди Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий