• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев Бишкектеги өндүрүштүк объектилерге барды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «BIGSER SPORT» жана «Бишкексүт» ААК компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчы «BIGSER SPORT» компаниясынын атайы спорттук бут кийим жана кийим-кече чыгарган өндүрүштүк комплекси менен таанышты.

Премьер-министр компаниянын фирмалык дүкөнүн, өндүрүштүк аймагын жана ишкананын тигүү цехтерин көрүп чыкты.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, мамлекет сапаттуу, экспортко багытталган жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды чыгарган, чет элде таанылууга жетишкен өндүрүүчүлөрдү колдойт.

Андан соң Өкмөт башчы алдынкы тамак-аш ишканасы болгон, сүт азыктарынын, ширелердин жана нектарлардын кеңири түрүн өндүргөн «Бишкексүт» заводуна барды.

«Бишкексүт» ААК башкы директору Денис Кононов айткандай, сүт категориясы компаниянын ишмердигиндеги негизги багыттардан болуп саналат, мында 49 аталыш боюнча сүт азыктарынын кеңири түрү чыгарылат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев заводдун жамааты менен маектешип, алар менен чийки сүттү кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү боюнча келечек пландарын талкуулады.

Бүгүнкү күнү ишкана 3 фермердик чарбадан чийки сүт сатып алат жана жогорку сапат талаптарына дал келген сүттү ташыган миңден ашуун фермер менен кызматташат.

Өкмөт башчы компания өз ара пайдалуу шарттарда сырье менен камсыздоонун жаңы натыйжалуу түрлөрүн киргизүү үчүн атамекендик фермерлер менен кыйла активдүү кызматташууга тийиштигин белгилеп, компетенттүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий