• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Бизде туризмдин үлүшү 5% барабар

Өкмөт 0


Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы боюнча кеңешме өткөрдү.

«Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков иштин негизги багыттары, учурдагы милдеттер жана уюмду өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди.

««Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын ишинин негизги багыттарынын арасында: өткөрүп берилген мамлекеттик туристтик объекттерди натыйжалуу башкаруу иштерин, туризм жаатында артыкчылыктуу долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууну, токой чарбаларынын аймактарында жаңы туристтик каттамдарды иштеп чыгууну, региондордо туристтик аймактарды түзүү үчүн келечектүү жерлерге мониторинг жүргүзүү жана талдоону, стандарттарды жана окутуу тутумун киргизүү аркылуу туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууну белгилеп кетүүгө болот. Маркетингдик борборду түзүү боюнча долбоордук сунушту даярдап койгонбуз», - деди ал.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, туризм чөйрөсү кирешелүү болуп, бюджетти туруктуу түшүүлөр менен камсыздап жана аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүүсү керек.

«Биздин өлкөнүн жыл ичиндеги туристтик потенциалын максималдуу натыйжалуу пайдалануу үчүн туризм тармагын өнүктүрүүнүн жалпы багыттарын аныктаган жаңы стандарттар жана механизмдер менен иштеп баштоо зарыл, - деди ал. – Мамлекеттин бардык ресурстарын мобилизациялап, туризмдин өнүгүүсүнө күчтүү өбөлгө берүү боюнча так көз караш болушу керек, жаңы туристтик багыттарды аныктап, жаңы бизнес-куралдарды киргизүү зарыл. Жашоочулар туризмди илгерилетүүгө активдүү катыша ала турган туристтик объекттер мүмкүндүккө жараша ар бир айылда түзүлүшү кажет. Өнүккөн өлкөлөрдө туризмдин үлүшү 12-13% жетет, бизде бул көрсөткүч 5% барабар. Бул көрсөткүчтү 7-8% чейин жеткирүүгө тийишпиз», - деди ал.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча долбоордук сунуштарды бир айлык мөөнөттө сапаттуу иштеп чыгууну, уюмду каржылоонун бардык маселелерин чечүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий