• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев чек арадагы окуядан жабыркагандардан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен биргеликте Лейлек районунун аймактык ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясынын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды.

Белгилей кетсек, атышуу учурунда 13 адам ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан, алардын ичинен он жаран бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилди.

Өкмөт башчыга жабыр тарткан жарандардын саламаттыгы тууралуу маалымат берилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жабыркагандарга сакайып кетүүлөрүн каалоо менен баса белгилегендей, мамлекет тарабынан бардык зарыл жардам жана колдоо көрсөтүлөт.

Өкмөт башчы ошондой эле жапа чеккендердин жакындары жана туугандары менен сүйлөшүп, чек ара маселесин чечүү жана кырдаалды басаңдатуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди.

Жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө Жогору Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан материалдык жардам көрсөтүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий