• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев ДКОго жана ТТМ кызматташтык кеңешинин саммитине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 29-августта, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында алдыда өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Мамлекет башчыларынын саммитине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

«Президент Сооронбай Жээнбеков башында турган жалпы командабыз аталган иш-чараларга тыкыр даярдык көрүү ишин жүргүздү. Биз тараптан бардык каржылоо маселеси өз учурунда чечилди. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө болгон жалпыбыздын тилегибиз жана бирдиктүү ишибизге жараша, бүгүнкү күндө өлкөбүз “Күч биримдиги! Рух биримдиги” деген ураан астында меймандарды жана таймаш катышуучуларын тосуп алууга даяр деп айта алабыз. Алдыдагы таймаштар дал ушул ураан астында өтмөкчү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Коомчулуктун аталган Оюндар идеясы тегерегинде биригүүсүнө күбө болуу абдан кубанычтуу. Бул өз күчүбүзгө болгон ишенимди арттырып, Кыргызстан мындан да масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүүлүгүн тастыктайт».

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик органдар тарабынан даярдык чараларын ишке ашыруу боюнча жыйынтык чаралар кабыл алынууда.

«Мен Кырчын жайлоосун, «Номад» амфитеатрын, ипподромду, ден-соолук чыңдоочу комплексти көрүп чыктым жана өлкө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитин өткөрүүгө даяр деп айта алам», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр республикадагы мурдагы эл аралык иш-чараларды өткөрүү тажрыйбасын эске алуу менен, бардык тийиштүү кызматтар ырааттуу ишти жана уюштуруу мүнөзүндөгү келип чыккан маселелерге ыкчам жооп кайтарууну камсыздоосу маанилүү экендигин баса белгиледи.

Премьер-министр бизнес-коомчулукка жана волонтерлорго аталган иш-чарага даярдык көрүүдө жана республикага көрсөтүлгөн иш-чаралардын алкагында келип жаткан көп сандаган конокторду тосуп алууга көмөк көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Алдыда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары элибиздин жана дүйнөлүк жалпы көчмөн элдердин тарыхындагы маанилүү окуялардан болуп калат. Оюнда биз мындан бир нече кылымдар мурда көчмөндөр жашаган учурду жаратууга аракет кылдык. Бул оюндун көрүүчүлөрүнө жана катышуучуларына кыргыз элинин жана башка көчмөн элдердин салт-санаасы, маданияты жана турмушу менен жакындан таанышууга, кол тийгис жаратылыштын кооздугуна күбө болууга мүмкүндүк берет. Муну эске алуу менен Ысык-Көл облусунун тургундары гана эмес, жалпы кыргызстандыктар келген меймандарга өз меймандостугубузду көрсөтүүбүз керек. Мен мекендештирибизди жалпы күч-аракетибиз менен алдыдагы иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүп алууга чакырам», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий