• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйшөмбү шаарында КМШ ӨБК кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтер каралып, аларга кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-июнда, Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйында төмөнкү маселелер талкууланды:

- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу (каалоо боюнча);

- Эркин тейлөө соодасы жөнүндө келишим долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө Жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун төрагасынын маалыматы тууралуу;

- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу (2018-жылдын күзүндө Казакстан Республикасында өтөөрү күтүлүүдө).

Андан соң КМШ ӨБК кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн интеллектуалдык менчик рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү жөнүндө Келишим жөнүндө»,
  • «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн энергетиканы инновациялык өнүктүрүү жана алдыңкы энергетикалык технологияларды иштеп чыгуу жаатындагы Кызматташтык концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги Иш-чаралар планы жөнүндө»
  • «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн электрондук жана электротехникалык жабдуулардын таштандылары менен иш алып баруу жаатындагы кызматташтыгы тууралуу келишим жөнүндө»;
  • «Мамлекет аралык стандартизация боюнча документтерди жайылтуу тууралуу келишим жөнүндө»;
  • «1994-жылдын 15-апрелиндеги Бажы иштериндеги кызматташтык жана өз-ара көмөк көрсөтүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө»;
  • «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн 2020-жылга дейре Эл аралык инновациялык кызматташтык программасынын алкагындагы Мамлекет аралык инновациялык долбоорлорду жана иш-чараларды иштеп чыгуу жана каржылоо тартиби жөнүндө»;
  • «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн 2025-жылга чейинки кутурма оорусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча биргелешкен комплекстүү аракеттери жөнүндө;
  • «КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржыланган Шериктештик органдарынын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн 2017-жылы документалдык ревизиялоонун жыйынтыктары жөнүндө»;
  • «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин Съезди тууралуу жобо жөнүндө»;
  • «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн «КМШ үчүн 100 идея» Эл аралык жаштар долбоору жөнүндө»;
  • «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Коргоо министрлеринин Кеңешинин катчылыгы жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
  • «Кадрдык дайындоолор жөнүндө: Аткаруу комитетинин Төрагасынын орун басары - Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруучу катчысы жөнүндө жана Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин төрагасы жөнүндө».

Пикир

Оставить комментарий