• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл аралык миграциялык саясат борбору Кыргызстан менен кызматташууга умтуларын ырастады

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык миграциялык саясат борборунун аткаруучу директору Михаэл Шпинделлегер менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Борбор Азиядагы чек араны башкаруу жана мигранттарды коргоого көмөктөшүү жаатында Европа Биримдиги тарабынан каржыланган биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Өлкөнүн потенциалын чыңдоо боюнча Эл аралык борбордун долбоорлорунун маанилүү ролуна токтолгон Эдил Байсалов, долбоорлор туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана миграцияга, адам сатууга каршы күрөшүү аркылуу аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо максатында чек араларды натыйжалуу бекемдөөгө багытталганын белгиледи.

Ал Ош шаарында Миграция боюнча ресурстук борборунун ачылышына ыраазычылык билдирип, борбордун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын Европага ийгиликтүү адаптацияланышына жана өлкөнүн миграция саясатынын алкагында мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө салым кошоорун кошумчалады.

Өз кезегинде Аткаруучу директор Михаэл Шпинделлегер Эл аралык миграциялык саясат борборунун Кыргыз Республикасы менен кызматташууга умтуларын жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий