• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектеп лигасы: Бишкекте шахмат жана волейбол боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын «Мектеп лигасынын» финалдык этабынын программасынын алкагында №62 мектеп-гимназиясынын спорт базасында жана "Диалог" шаардык маданият үйүндө балдар жана кыздар арасында шахмат жана волейбол боюнча мелдештер болуп өттү.

Сынакка 20-февралдан 4-мартына чейин өткөн мелдешке Бишкек шаарынын 16 орто мектеби жана гимназиясы катышты.

Мектеп лигасынын спорттук программасынын негизги максаты Бишкек шаарында балдар жана өспүрүмдөр спортун мындан ары өнүктүрүү, окуучуларды системалуу түрдө дене тарбия жана спортко тартуу, адистештирилген спорттук мектептерде андан ары даярдоо үчүн келечектүү спортчуларды аныктоо жана орто мектептер менен гимназиялардын достук байланыштарын чыңдоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, «Мектеп лигасы» шаардык программасынын алкагында жыл сайын спорттун 11 түрү боюнча мелдештердин облустук жана шаардык баскычтары өткөрүлөт.

Шахмат боюнча мелдештин жыйынтыгы боюнча кыздар арасында жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
1-орун – №70 МГ;
2-орун – №61 МГ;
3-орун – №6 МГ;

балдар арасында:
1-орун – №6 МГ;
2-орун – №70 МГ;
3-орун – №62 ОТК МГ.

Кыздар арасындагы волейбол боюнча мелдеште:
1-орун – №62 ОТК МГ;
2-орун – №72 орто мектеп;
3-орун – №1 МГ.

балдар арасында:
1-орун – №62 ОТК МГ;
2-орун – №72 орто мектеп;
3-орун – №42 орто мектеп.

Бишкек шаарынын «Мектеп лигасынын» шаардык финалынын бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор, тиешелүү даражадагы кубоктор менен сыйланышты, ошондой эле баш байгеге – Ысык-Көлгө жолдомо алышты.

Пикир

Оставить комментарий