• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте футбол академиясы ачылат

Спорт 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. БишкектеChampion” футбол академиясы ачылат. Жагымдуу жаңылык менен футболчу Айдана Оторбаева өзүнүн социалдык баракчасында бөлүшкөн.

Комплекстин ачылышы 29-августта саат 19:00дө болот. Дареги: Чүй проспектиси 267/1, Калык Акиев көчөсү менен кесилишет.

“Футболдон сырткары балдар англис тилин үйрөнүшөт. Биздин максат эл аралык тажрыйба алуу менен бирге өлкө курамасынын катарын бекемдөө жана таланттуу балдарды жыл сайын чет жактарга жөнөтүп туруу”, - деп билдирет Оторбаева.

Учурда 4 жаштан 18 жашка чейинки балдарды кабыл алуу башталды.

Пикир

Оставить комментарий