• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ИИМде айым милиционерлерди майрамы менен куттукташып, сыйлыктар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинде 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Салтанатты ички иштер министри Улан Ниязбеков ачып, айым милиционерлерди куттуктап, ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМ башчысы кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкен кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

Республика аймагында ички иштер органдарында кызмат кылган 400дөн ашык айым милиционерлерге жана ардакту эс алуудагы 70 айымга ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий