• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Саясат 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Армения Республикасынын Ереван шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчылары тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода, өнөр жай, айыл чарбасы, транспорт, туризм, илим жана инновациялар сыяктуу багыттарда кызматташууларды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсү каралат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий