• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Анжиянда прокурор жардамчысы жүргүнчүнү сүзүп, качып кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Анжиян облусунун Мархамат районунда «Нексия» үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан прокуратура кызматкери жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, ал окуя болгон жерде каза болду.

45 жаштагы маркумдун туугандарынын биринин айтымында, автоунаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. “Ушунчалык катуу сүзгөн экен. Агам унаанын маңдайкы терезесинен салонго кирип кетиптир. Биз келсек, айдоочу жок экен, агам өлүм алдында жатыптыр. “Тез жардам” чакырдык, бирок ооруканага келгенде ал өлүп калганын айтышты”, – деди ал.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен «Нексия» автоунаасында Мархамат районунун прокурорунун ага жардамчысы болгонун билдирди. Бирок мекеме айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен деген маалыматты төгүндөдү.

Башкы прокуратура маркум алагүү болгонун, алган жаракатынан дароо мерт кеткенин, айдоочу аны ооруканага өзү жеткиргенин ырасоодо.

Бул факт боюнча Анжиян облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду, бир катар экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий