• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев финансы-экономикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июнда, финансы-экономикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы – өлкөнүн Финансы жана экономикалык кызматкерлер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Төмөндө кутутктоонун текстин келтиребиз.

“Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атыман кесиптик майрамыңыздар – өлкөнүн финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргызстандын мамлекеттик финансы-экономикалык саясаты ата мекендик экономиканы өнүктүрүүдө, социалдык жана саясий көйгөйлөрдү чечүүдө, эл аралык аренада өлкөбүздүн позициясын жана кадыр-баркын бекемдөөдө кубаттуу инструментке айланды.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде социалдык-экономикалык өсүү көрсөткүчтөрү боюнча 4,6%га чыгып, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулду. Мындай натыйжаларга жетишүүдө ар бир сандын, прогноздун жана талдоолордун аркасында Сиздердин талыкпас эмгегиңиздер тургандыгын баарыбыз билебиз. Бул системанын адистери стандарттуу шарттардан тышкары убакыт жок, каражаттар жетишсиз болгон режимде да иштей билүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, жылдан жылга өздөрүнүн профессионалдуулугун далилдеп келе жатышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” өнүгүү программасына орто жана узак мөөнөттөгү келечекке карай дымактуу пландар коюлду. Бул багытта алдыбызда көп иштер турат. Мунун баарына Сиздер менен бирге билгичтик менен пландаштыруу, мамлекеттик финансыларды натыйжалуу башкаруу, ошондой эле өнүгүүнүн текшерилген экономикалык моделин түзүү менен Кыргызстанды күчтүү жана гүлдөгөн өлкөгө айландырабыз.

Мындан ары да коррупцияны түп-тамырынан кыскартып, көмүскө экономиканы сыртка чыгарууда, бул тармакта жаралган маселелерге ыкчам жооп кайтарууда Сиздер болгон күчүңүздөрдү максималдуу жумшайсыздар деп терең ишенебиз.

Урматтуу финансы жана экономика тармагынын кызматкерлери!

Элибиз Сиздерден жогорку кесипкөйлүктү, терең билимдүүлүктү жана кынтыксыз таза иштөөңүздөрдү күтөт. Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, жооптуу ишиңиздерде жаратмандык ийгиликтерди каалаймын. Элибизде тынчтык, биримдик, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндө туруктуу өсүштөр болсун”.

Пикир

Оставить комментарий