• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Туризмди өнүктүрүү максатында туристтер үчүн интерактивдик карта жана электрондук маалыматтык борбор түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Туризмди өнүктүрүү максатында туристтер үчүн Кыргыз Республикасынын интерактивдик картасы жана электрондук маалыматтык борбор түзүлөт. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын туризм тармагындагы эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү – Данияр Казаков, Гүлмира Карымшакова жана Евгений Тянь менен жолугушуусунда жетишилди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментине:

- сертификаттардын негизинде чет элдик жарандарга Кыргыз Республикасында туроператордук иш жүргүзүүгө уруксат берүү механизмдерин иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасында конок үйлөрүндө кызмат көрсөтүү боюнча стандарттарды иштеп чыгуу;

- туристтер үчүн Кыргыз Республикасынын интерактивдик картасын жана электрондук маалыматтык борборун түзүү тапшырылды.

Мындан тышкары ведомство Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте:

- ар бир айыл өкмөтүндө туристтик тармакты көзөмөлдөгөн бирден адисти бекитүүсү;

- жер-жерлерде Маданият үйлөрүндө жана китепканаларда элдик кол өнөрчүлүк өкүлдөрүн тартуу менен 10 сынамык маалыматтык борборлорду ачуусу;

- жергиликтүү жашоочулардын потенциалын жогорулатуу максатында аймактарда туризмди уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча окуу-методикалык иштерди активдештирүүсү зарыл.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттиги менен биргеликте туризм боюнча окуу модулдарын мамлекеттик стандартка келтирүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий