• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.19. /Кабар/. Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасына) болгон иш сапарынын алкагында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев менен Эсхак Жахангири аракеттешүүнүн өз ара кызыкчылык жараткан тармактарында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришкен.

Анын ичинде Иранга ташылган айыл чарба жана мал чарба продуктыларынын көлөмүн көбөйтүү келечеги талкууланган. Мындан тышкары тараптар газ, мунайзат, транспорттук-логистикалык, туризм чөйрөлөрүндө, жарандык авиация жаатында алака түзүү боюнча пикир алышышкан.

Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы дем берүү жана биринчи кезекте өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташуусун жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдирген.

Анын айтымында, Иранга Евразия экономикалык биримдиги тарабынан жеңилдиктер режиминин берилишин эске алганда, бул максаттар өзгөчө мааниге ээ болот.

Эсхак Жахангири кыргыз тарапка өлкөлөр ортосундагы визалык режимди жеңилдетүү жөнүндө маселени кароону сунуш кылган.

Соода жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын азыркы дараметине жана мүмкүнчүлүктөрүнө толук кандуу жооп бербестигин айткан Мухаммедкалый Абылгазиев менен Эсхак Жахангири тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине биргелешкен иштерди активдештирүүнү тапшырышкан.

Кызматташтыкты кеңейтүүнүн алкагында жакынкы мезгилде артыкчылыктуу багыттар боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтык маселелеринин деталдарын иштеп чыгуу үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болот.

Эсхак Жахангири премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди ыңгайлуу учурда Иранга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Пикир

Оставить комментарий