• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Сауд Аравиясынын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиясынын ортосундагы эки жактуу мамилелер саясий сүйлөшүүлөрдү, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну эки достош элдин кызыкчылыктарында өз ара пайдалуу негизде өркүндөтүү жолу менен өнүгүүдө.

«Эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан аркы кеңейтүү үчүн бизде бардык негиздер бар. Ошону менен бирге туризм тармагында өз ара аракеттешүү жана инвесторлорду тартуу эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири болуп саналат. Учурда биздин республикага араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин көп бөлүгүн Сауд Аравия Королдугунан келген туристтер түзүшөт», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде Абдурахман бин Саид Аль-Жума өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүк жана өз ара сый-урматка негизделген ар тараптуу кызматташууну канааттануу менен белгиледи.

«Сауд Аравиясы конструктивдүү сүйлөшүүлөргө дайыма даяр жана Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу негизде тыгыз аракеттешүүлөрдү өнүктүрүүнү улантуу ниетинде. Кыргызстанга Сауд Аравиясынын инвесторлору кызыгышат, алар келип, бул жакта иштөөгө даяр. Сиздин сөздөрүңүздү ырастап белгилеп кетким келет, үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларында эле Сауд Аравиясынан 7 миңдин тегерегинде турист келген. Мындай оң динамика эки жактын кызыкчылыктарына тең жооп берет деп ишенем», – деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Араб координациялык топторунун алкагында буга чейин макулдашылган социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну кошуу менен катар маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий