• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Разаков ЖККУ саммитин өткөрүү учурунда тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Бишкек шаарында ЖККУ саммитин өткөрүү учурунда тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жеңиш Разаков бир катар объекттерде даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Анын ичинде «Манас» эл аралык аэропорту, ошондой эле бир нече инфраструктуралык объекттер жана мейманкана комплекстери бар.

Вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коомдук коопсуздукту жана укук тартибин, жол жана өрт коопсуздугун камсыздоо, энергия менен камсыз кылуу тапшырмаларын берип, терроризмге каршы күрөшүү чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий