• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Малиде аскердик операция учурунда 13 франциялык аскер курман болду

Дүйнө 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Мали өлкөсүндө аскердик операция учурунда 13 франциялык аскер курман болгондугун Елисей сарайынан (Франциянын президентинин резиденциясы – ред.) маалымдашканын РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, франциялык аскерлер жихаддарга каршы операциясында каза болгон.

"Малинин президенти терең кайгыруу менен кечээ, 25-ноябрда жихаддарга каршы аскердик операциясында эки тик учак катышкан кырсыктан 13 франциялык аскер набыт болгонун билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Елисей сарайы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий