• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

АКШнын мамлекеттик карызы тарыхта биринчи жолу 22 триллион доллардан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 13.02.19 /Кабар/. АКШнын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү тарыхта биринчи жолу 22 триллион доллардан ашты. Дональд Трамп президент болгондон кийин мамлекеттик карыз 2 триллион долларга көбөйгөн.

Мамлекеттик карыздын көбөйүшү 2017-жылы декабрда Трамптын демилгеси менен ишке ашырылган салык реформасынан кийин тездеген. Жыйынтыгында федералдык бюджетке бир жарым триллион доллар түшпөй калган. Мындан тышкары карыздын көлөмүнө аскердик жана ички керектөөлөр үчүн чыгымдардын көбөйтүлүшү дагы таасир эткен.

​Мамлекеттик карыз — бул федералдык бюджеттин бир жылдык таңкыстыгы болуп эсептелет. Конгресстин бюджет башкармалыгынын божомолуна ылайык, 2019-жылы таңкыстык 897 миллион долларды түзөт. Бул былтыркыга салыштырганда 15 пайызга көп. Мындан тышкары мекеме таңкыстык көлөмү жыл сайын көбөйүп, 2022-жылга чейин 1 триллион долларга жетиши мүмкүн деп божомолдоодо. Таңкыстыктын өсүү темпине социалдык жөлөкпулдар менен 65 жаштан ашкан жарандар үчүн медициналык камсыздандыруу системасына жумшалып жаткан чыгымдын көбөйүп жатышы дагы себеп болууда.

Ак үйдөн жаңы салык реформасы өзүн актай турганын, анткени ал экономиканын өсүшүн тездетиши керектигин белгилеп жатышат. Анткен менен экономисттердин көбү бул пикир менен макул эмес.

Пикир

Оставить комментарий