• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Жылуулук мезгилине даярдык боюнча бүтүндөй иш-чаралар комплекси кыска мөөнөттө аяктоого тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 12.08.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 11-августта, Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында «Чакан ГЭС» гидроэнергетикалык компаниясынын Быстровка ГЭСине барды.

Өкмөт башчы электр механикалык цехин, турбиналык тилкелерин, диспетчердик станцияларын көрүп чыкты.

«Чакан ГЭС» чакан гидроэлектрстанцияларында электр энергиясын иштеп чыгуунун жылдык өсүшү 10%дан ашат. Ошол эле учурда жылдык экспорт 130 млн кВт/с түзөт.

Быстровка ГЭСине барганда Премьер-министр энергетикалык тармактын жана «Чакан ГЭС» компаниясынын жетекчилери менен республикада чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Ал баса белгилегендей, күз-кыш мезгилинде электр энергиясы жана жылуулук менен калкты үзгүлтүксүз камсыздоо максатында өлкөнүн бардык энергетикалык объектилеринде алдыдагы жылуулук мезгилине дыкат даярдоо үчүн тийиштүү чараларды өз убагында кабыл алуу маанилүү болуп саналат.

Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан энергетика тармагында белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун алкагында жылуулук мезгилине даярдык боюнча бүтүндөй иш-чаралар комплексин кыска мөөнөттө аяктоо зарыл.

Пикир

Оставить комментарий