• 88.68
  • 95
  • 0.95

Абылгазиев куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 12.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев куруучуларды Кыргыз Республикасынын куруучуларынын кесиптик майрамы менен куттуктады, - деп билдирет өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз.

« Урматтуу куруучулар!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Куруучулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Курулуш тармагы ички дүң өндүрүмдүн өсүүсүнө таасир берүү менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө маанилүү салым кошот.

Бүгүнкү күнү куруучулар дүйнөдөгү алдыңкы салттарды сактоо менен, алдыңкы технологияларды, келечектүү иштеп чыгууларды кеңири колдонуп, көптөгөн курулуштарды, анын ичинде социалдык объектилерди ийгиликтүү куруп жатышат. Ошентип жаңы мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, сугат түтүктөрү жана жолдор курулуп, калктын жашоо шартын жакшыртууну өбөлгөлөп жатат.

Ошону менен бирге республика калкын үй менен камсыздоодо турак жайларды куруунун темпи өстү. Пайдаланууга берилген объекттердин саны өсүп, архитектуралык дизайн кеңири өнүгүүдө.

Аймактарды өнүктүрүү Концепциясын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында үстүбүздөгү жылы республиканын бардык аймактарында курулуп жаткан объектилерди бүткөрүү жана эксплуатацияга берүү Өкмөттүн артыкчылыктуу стратегиялык милдеттеринин бири болуп саналат.

Бул майрам күнү куруучулардын жана инженер-долбоорчулардын кесипкөйлүгүн жана зор жоопкерчилигин белгилөө зарыл, алар заман талаптарына ылайык, сапаттуу жана өз убагында өлкөнүн ар бурчунда жайгашкан объектилерди ишке беришет.

Урматтуу куруучулар!

Сиздердин талыкпаган жана оор эмгегиңиздер миңдеген адамдардын сый-урматына жана ыраазычылыгына татыктуу.

Куруучулардын мындай жаратман кесиби – түбөлүктүү жана адамзатына абадай зарыл.

Бүгүн сиздердин кесиптик майрамыңыздарда сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бакыт, жыргалчылык жана ишиңиздерге ийгиликтерди, ал эми Мекенибизге – тынчтык жана гүлдөп өсүүнү каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий