• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр С.Жээнбеков жер көчкү түшкөн Жалпак-Таш айыл аймагына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 1-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-майда, Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкү түшүп, 13 үйдү басып калган Жалпак-Таш айылына, ошондой эле Куршаб айыл аймагынын Шагым айылындагы жер көчкү түшүү коркунучу бар Көлмө айылына барды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев маалымдагандай, буга чейин Жалпак-Таш айылынын бардык жашоочуларына жер көчкү түшүү мүмкүндүгү жана коопсуз жайга көчүү жөнүндө эскертилген, аларга 15 палатка орнотулуп, медициналык пункт иштеп жатат.
Өкмөт башчысына Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев маалымат берип, азыркы учурда 62 үй кооптуу жайда жайгашканын билдирди. Ошондой эле төрт социалдык обьект – мектеп, бала бакча, мечит жана ФАП коркунуч астында турат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик мекемелер тарабынан жергиликтүү жашоочуларга колдоо көрсөтүү жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чаралар кабыл алынарын билдирди.
«Көптөгөн жарандардын турак-жайы жаратылыш кырсыктары күтүлүүчү аймакта жайгашкан шартта өздөрүнүн мүлктөрүн камсыздандыруусу зарыл. Бул турмуштук зарылдык , жашоо чындыгы муну айттырууда. Мына ушундай өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жабыр тарткандарга жардам берүү жана турак-жайын калыбына келтирүү маселесин чечүү оңтойлуу болот. Дал ушундай маселени чечүү үчүн «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» акционердик коому түзүлгөн», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчы белгилегендей, кооптуу жайда жашап жаткан айыл тургундары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин пикирлерин, жер көчкү жүрүү коркунучу жөнүндөгү алдын ала эскертүүлөрүн угуусу керек.
Жергиликтүү тургундар Премьер-министрден Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын ортосундагы жолду ачууга көмөк көрсөтүүсүн жана жер көчкү маалында жогорку вольттуу электр берүү линиялары иштен чыккандыгына байланыштуу электр энергиясына туташтыруу маселесин тезирээк чечип берүүсүн суранышты.
Өкмөт башчы ошондой эле Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы Шагым айылынын Көлмө участкасын көрдү. Аталган жайда топтолгон суудан улам көчкү жүрүү коркунучу бар.
Азыркы кезде айыл аймагынын эсебинен жергиликтүү тургундар менен биргеликте көлмөдө чогулган сууну чыгаруу үчүн труба коюу иштери жүргүзүлүүдө.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жеринде моиторинг жүргүзүү, коркунучтун деңгээлин аныктоону жана чогулган сууну агызуу үчүн труба өткөрүүнү эсептеп чыгууну тапшырды.
Мындан тышкары Премьер-министр Өзгөн районунун Краснооктябрьск айыл аймагындагы жер участокторун көрдү. Бул жер участоктору Жалпак-Таш, Кара-Таш жана Краснооктябрьск айылдык аймагындагы Кочкор-Ата айылынын жашоочуларына кооптуу жайда жашап жашагандыгына, жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендигине байланыштуу берүү аныкталган.
Азыркы учурда 105 гектар жер берүү маселеси каралууда. Өкмөт башчы жер берүү маселесин чечүүнү тездетүүнү жана жер участкаларын бөлүштүрүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.
Бүгүнкү күндө Ош облусунун Өзгөн районундагы Краснооктябрьск айыл аймагында 15 миңден ашуун тургун жашайт.

Пикир

Оставить комментарий