• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ачык баарлашууга даярбыз. Сурабалдиева социалдык багыттагы уюмдардын жетекчилери менен онлайн жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева «COVID-19 пандемиясынын шартында мамлекеттик органдардын калктын аяр катмарынын абалына натыйжалуу жооп кайтаруу чараларынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жолдору» темасындагы видеоконференция форматындагы тегерек столдун ишине катышты.

Өкмөттүн расмий сайтында маалымдалгандай, иш-чарага жарандык коомдун 50 ашуун өкүлү катышып, алардын катарында социалдык багыттагы уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү болду.

Кеңешменин жүрүшүндө жашы улгайгандардын, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын, онкологиялык илдетке кабылган балдардын жана аялдардын, ВИЧ жана кургак учукка кабылган жарандардын укугуна тийиштүү маселелер, ошондой эле балдар үйүндө жана интернаттарда жашаган балдардын абалы, укугунан жана эркинен ажыратылган адамдардын укугуна тийиштүү көйгөйлөр талкууланды. Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө зомбулукка жана катаал мамилеге кабылган аялдардын укугу боюнча уюмдун өкүлдөрү сөз сүйлөдү.

«Коронавирустун биринчи толкуну учурунда кетирилген катачылыктардын кайталанбашы абдан маанилүү. Келечекте орун алышы ыктымал болгон жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерге жеткиликтүүлүккө, балдар жана өспүрүмдөр арасындагы суициддин өсүү ыктымалдыгына, окуучулардын жана майып балдардын билимге жеткиликтүүлүгүнө карай көйгөйлөрүнө, психологиялык көмөккө карата жеткиликтүүлүктүн жоктугуна байланыштуу тобокелдиктерди жана коркунучтарды аныктоо зарыл», - деп билдиришти иш-чаранын катышуучулары.

Мындан тышкары, алар тийиштүү макулдашуулар сакталып, жыйынтыгына жетишүү үчүн мамлекеттик органдар тарабынан институционалдык эс-тутумдун жана жол улантуучулуктун сакталышынын маанисине токтолушту. Ошондой эле жаңы шарттарда коомдук уюмдарга жана жарандык коомго кысым көрсөтүүлөргө байланыштуу кооптонуусун билдиришти.

«Жарандык коомдун жана Өкмөттүн адам укугун коргоо жаатындагы диалогун сактап калуу абдан маанилүү», - деп билдиришти катышуучулар.

Өз кезегинде Эльвира Сурабалдиева тегерек стөлдүн катышуучуларына жарандык коомдун мамлекеттик органдар менен өз-ара аракеттешүүсүнүн көйгөйлөрү тууралуу биринчи булактардан угуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Пандемия учурунда мамлекеттин колу жана каражаты жетпеген жерде калк көбүнэсе жардамды жарандык коомдон алып жатты. Эгерде түшүнбөстүктөр жарала турган болсо, аларды ачык-айкын талкуу аркылуу чечели. Башкысы, негизги орунда жарандарыбыз турушу керек. Ал эми биз өз тарабыбыздан ал үчүн колдон келген күч-аракетибизди жумшайбыз. Мунун бардыгы тыкыр көзөмөлгө алынат. Биз ачыктыкка карай багыт алабыз. Өкмөт тарабынан сунуштар эки жумадан кийин, 20-ноябрга карата даяр болот. Ал убакытка дейре бизде дагы жолугушуулар болот. Биз ачык баарлашууга даярбыз», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий