• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясына отчет берет

Өкмөт 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата Журт» фракциясына отчет берет. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, Премьер-министрдин Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу отчету, өлкөнүн парламентти тарабынан бекитилген жаңы формат боюнча даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын Жогорку Кеңешке өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берет. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамдын 12-беренесине ылайык Премьер-министр жыл сайын 15-майга чейин Жогорку Кеңешке парламент тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасы тууралуу өткөн жыл үчүн отчет берип турат.

Премьер-министрдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету парламенттик фракцияларда жана комитеттерде талкуудан өтүп, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына коюлат.

Кечээ, 17-апрелде Премьер-министрдин 2016-жылдагы Өкмөттүн ишмердүүлү тууралуу отчетун парламенттеги коалициялык көпчүлүк канаттандырарлык деп таанып, колдоду.

Премьер-министрдин отчетунда белгиленгендей, 2016-жылы өлкөдө экономикалык өсүү 3,8% болгон. 2016-жылы инфляциянын орточо жылдык деңгээли 100,4%ды түздү, бул көрсөткүч ЕАЭБ өлкөлөрүндө эң жакшы көрсөткүч болуп саналат.

2016-жылдын аягында Өкмөт бул сектордун 5,2%га өсүшүн камсыз кыла алды.

Курулуштагы дүң продукциянын жалпы көлөмү 2016-жылы 128,6 млрд сомду түзүп, 7,4%га жогорулады.

2016-жылы тейлөө чөйрөсүндөгү дүң чыгарылыш 387,7 млрд сомдун көлөмүндө түзүлдү жана реалдуу өсүү темпи 102,9% болду.

2016-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 130,6 млрд сом түздү, 2015-жылга салыштырмалуу кирешелер 1,8%га же 2,3 млрд сомго өстү.

2016-жылы соода-сатык балансынын дефицити 2015-жылга салыштырмалуу 8,6%га кыскарып, 2374,5 млн. АКШ долл. түздү.

2016-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 130,6 млрд сом түздү, 2015-жылга салыштырмалуу кирешелер 1,8%га же 2,3 млрд сомго өскөн.

2016-жылы республикалык бюджеттин чыгашалык бөлүгү 131,3 млрд сомго аткарылды, 2015-жылга салыштырмалуу 18,4 млрд сомго же 16,3%га жогорулады.

2016-жылы социалдык секторго кеткен республикалык бюджеттин чыгашаларынын салыштырма салмагы 53,5% же 73,1 млрд сомду түздү.

Отчёттук мезгилде мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөп берүүгө республикалык бюджеттен 5,4 млрд сом жумшалды, бул 2015-жылга салыштырмалуу 10,3%га көптүк кылат.

Аны менен бирге салыктык төлөмдөрдү 2015-жылга салыштырмалуу 11,8 млрд сомго көп чогулду.

Мектеп мугалимдеринин орточо реалдуу айлык акысы айына 13 824 сомго чыкты. Бул өлкө боюнча реалдуу орточо айлык акыга биринчи жолу жакындады.

Белгилей кете турган нерсе, кризисттик шартта Өкмөт бюджеттин корголгон беренелерин каржылоону 100% (айлык акы, Соцфондго которуу, медициналык чыгымдар, тамактандыруу, жөлөк пулдар жана стипендиялар) камсыз кылды.

Пикир

Оставить комментарий