• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адистештирилген түзүмдөр калкты эмдөө үчүн шарт түзүшү керек — Боронов

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Адистештирилген түзүмдөр калкты эмдөө үчүн бардык шарттарды түзүшү керек. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын отурумунда билдирди.

Кубатбек Боронов жарандардын аярлуу катмарларына мезгилдик сасык тумоого каршы өз убагында эмдөө жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Адистештирилген түзүмдөр калкты эмдөө үчүн бардык шарттарды түзүшү керек. Бул күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн абдан маанилүү иш-чара», - деп билдирди Премьер-министр.

Отурумдун жүрүшүндө Баткен жана Талас облустарын медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Жыйында облустардын жетекчилери докладдары менен маалымат беришти.

Өкмөт башчы медициналык мекемелердин жеке коргонуу шаймандары жана дары-дармектер менен камсыз болушу боюнча мониторинг күн сайын жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

«Райондордун башчылары жогоруда көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле келип жаткан гуманитардык жардамды, дары-дармектерди жана медициналык шаймандарды бирдей бөлүштүрүүнү камсыз кылууга тийиш. Региондордогу медициналык мекемелер зарыл болгон бардык каражаттар менен толук камсыздалууга тийиш. Мындан тышкары, региондордо, зарылчылык келип чыкса, кошумча бөлмөлөрдү жана керебеттерди даярдоо ишин улантуу маанилүү», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий