• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айбек Молдогазиев Ч.Айтматов атындагы Эл аралык фонддун президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-январда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фонддун президенти Элдар Айтматов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын башында министрдин орун басары фонддун жетекчисине 2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун Саммитинин жүрүшүндө кабыл алынган Алишер Навои атындагы "Түрк дүйнөсүнүн биримдигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" эл аралык сыйлыгын кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч.Айтматовго ыйгаруу тууралуу дипломун тапшырды.

Жолугушууда Молдогазиев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөлүк мекемелер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасын кеңири жайылтууга жана анын элесин чет өлкөлөрдө түбөлүккө калтырууга өзгөчө маани берип жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде, Ч.Айтматов атындагы фонддун президенти ыраазычылык билдирип, фонддун ишмердүүлүгү жана 2023-жылга пландары тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Чыңгыз Айтматовдун мааракесине карата иш-чараларды өткөрүү жана кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгын чет өлкөлөрдө жайылтуу боюнча кызматташууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий