• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы кичи жана орто бизнести колдоого бюджеттен 2 млрд сом багытталат

Өкмөт 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. 2022-жылы Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести колдоо долбоорунун алкагында коммерциялык банктарга 1 млрд 756 млн сом бөлгөн.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ишкерлерге 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин пайызсыз кредиттер берилип жатат.

"Бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун ишкер үстөксүз насыя алышты. Долбоор алкагында 2023-жылы кичи жана орто бизнести колдоого 2 млрд сом багытталат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий