• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айбек Молдогазиев Даниянын жаңы дайындалган элчиси Якоб Хеннингсенди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Москва шаарындагы резиденциясы менен Даниянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Якоб Хеннингсен менен жолугушуп, ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды.

КР ТИМден билдиришкендей, министрдин орун басары элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоо максатында биргеликте жигердүү иш алып барууга ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун күн тартибинде турган бир катар маселелерге токтолушту. Алар саясий диалогду жана парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүүнү талкуулашты.

Тактап айтканда, жогорку деңгээлдеги сапарларды жана ТИМдер аралык консультацияларды уюштуруунун үстүндө иштөө сунушталды. Тараптар ошондой эле Европа Бирлигинин алкагында жана БУУнун платформаларында мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун соңунда министрдин орун басары Айбек Молдогазиев элчи Якоб Хеннингсенге Кыргызстандагы ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий