• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айбек Молдогазиев Словакия элчисинен ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Словакиянын Кыргызстандагы элчиси Роберт Кирнаг менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Словакиянын элчиси Роберт Кирнаг Айбек Молдогазиевге ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

КР тышкы иштер министринин орун басары Словакиянын элчисин ишеним грамотасынын көчүрмөсүнүн тапшырышы менен куттуктап, Словакиянын Кыргызстандагы элчиси кызматында ийгилик каалады.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, тараптар словакиялык тараптын кароосуна мурда берилген макулдашуу долбоорлоруна кол коюу мүмкүнчүлүгү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулап, Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну талкуулашты. Жалпысынан тараптар саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу жолугушууда жакынкы арада Тышкы иштер министрликтери аралык консультацияларды өткөрүү зарылчылыгы баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий