• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү керек – калаа башчы

Саясат 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. “Биз бизнес үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүп беришибиз керек”, - деди Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдуу пландоо долбоорун талкуулоо учурунда.

Анын айтымында, совет мезгилинде деталдуу пландоо долбоору мамлекеттик пландын негизинде иштелип чыккан, тагыраак айтканда, мамлекеттик планды жогорудан түзүшүп, мамлекет каржылаган.

“Бүгүнкү күндө 90 пайыздан ашуун объект жеке менчик ээлери тарабынан курулуп жатат. 10 пайыздан азыраагын гана мамлекет жана муниципалитет куруп жатат. Буга байланыштуу деталдуу пландоо долбоору ишкердиктин аракетин чектемекчи. Ишкер жер тилкесин сатып алганда, деталдуу пландоо долбоорунда башка нерсе көрсөтүлгөн болсо, укук коргоо органдарынын текшерүүлөрү башталат. Менин оюмча деталдуу пландоо долбоору менен ишкердиктин каалоолорунун ортосундагы алтын ортону аныктаган документ бар. Биз бизнеске жагымдуу максималдуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Ишкердик мектепти, оорукананы же көп кабаттуу үйдү кургусу келип жатабы, өзү аныкташы керек. Деталдуу пландоо долбоору жер пайдалануу эрежелери менен каралышы керек деген эскертүү менен макулмун”, - деди Суракматов.

Пикир

Оставить комментарий