• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айдарбеков Европа аймагы жана БА боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Күн мурун Вашингтонго болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа аймагы жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы, ошондой эле Борбордук Азия регионундагы учурдагы долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен кызматташуусунун кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландары талкууланды.

Министр Кыргызстандын экономикасындагы позитивдүү макроэкономикалык көрсөткүчтөргө, курчап турган чөйрөнү коргоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу чөйрөсүндө Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун ишке ашырылуусунун жүрүшүнө, ошондой эле өлкөнүн гидроэнергетикалык дарамети менен региондорун өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктын өкүлүнүн көңүлүн бурду.

Мюллер өлкөдөгү Дүйнөлүк банктын долбоорлорун өз убагында ишке ашыруу маселелеринде Кыргызстандын олуттуу салымын канааттануу менен белгиледи. Кыргызстан менен келечекте мындан ары да кызматташууну өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин тастыктады.

Кыргызстандын Doing Business 2020 рейтингиндеги жетишкендиги белгиленди. Аталган рейтингге ылайык, Кыргызстан бизнес жүргүзүү процедуралары жеңилдетилген эң алдыңкы 20 реформатор-өлкөнүн катарына кирди.

"Тараптар күн тартибинин учурдагы маселелери боюнча туруктуу пикир алмашып туруунун, анын ичинде Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын кеңсеси аркылуу дагы пикир алмашып туруунун маанилүүлүгүн белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий